Нурзат Токтосунова кызына ысым ыйгарды: "Удаа, удаа төрөп үйдөн чыкпай калайын"

15 февраля 2019 11:17 16639 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Алып буруучу Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбеков жаңы төрөлгөн кызынын атын Акбермет деп аташты. Бул тууралуу Токтосунова өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.

"Куттуктоолоруңар үчүн чоң рахмат, кең пейил адамдар! Аллага миң мертебе шүгүр, кызыбыз өмүрлүү, бактылуу болсун, чоң атасы Акбермет деген ысым ыйгарды, берметтей аруу болсун! Түбөлүгү түз, дөөлөттүү болуп артынан көп ини-сиңди алып келген кыз болсун! Кудайым берсе удаа, удаа төрөп, үйдөн чыкпай калайын. Көптөн күткөн ырысыбыз жатат жанымда кыбырап, ар бир аялга бакыт каалайм", - деп Нурзат айым өзүнүн сезимдери менен бөлүштү.

 Ал эми анын окурмандарынын баары калоо-тилектерин жазып, куттукташууда.

Ссылка: https://barometr.kg/nurzat-toktosunova-kyzyna-ysym-yjgardy-udaa-udaa-trp-jdn-chykpaj-kalajyn



Добавить комментарий