Нурсулуу Ахметова сотто ТЭЦти жаңылоого ТВЕАны президенттин аппараты кандайча тандаганын айтты

3 июль 2019 16:40 2659 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 3-июлда Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кылмыш иши тууралуу сот жыйынында президенттин аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметованы суракка алышты.  

Прокурор сурап жаткан маалда ал ТВЕАны иш аткаруучу катары Атамбаевдин колдоосу менен президенттин аппаратынан тандап алышканын тастыктады. 

Ахметова прокурордун суроолоруна жооп берип жатып президенттин аппаратынан ТВЕАны Бишкек ТЭЦин модернизациялоого иш аткаруучу катары тандап алышканын маалымдады.   

Ахметова ТВЕАга Атамбаевди тартып келүүнү көздөгөн катты ким даярдаганын түшүндүрдү. 

"Кат менин президенттин аппаратынын тышкы саясат  бөлүмүндөгү кесиптештерим тарабынан даярдалган. Сапар Джумакадырович жеке өзү мага телефон чалган, катта Кытайдын ТВЕА  компаниясы тууралуу бар болчу. Дал ушул факты мени чочулатып, изилдеп чыккандан кийин ТВЕА электр берүү линияларынын курулушу менен иш алып бара турганын, ал эми СМЕС ГЭСтерди кура турганын түшүндүк. Биздин бөлүмдүн кызматкери Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланыштуу талапкерлер тууралуу маалыматты даярдады. Эки талапкердин ичинен Бишкек ТЭЦин модернизациялоого СМЕС компаниясы ылайыктуу болчу”,-деп жооп берди Ахметова.

Ахметова бул тууралуу Сапар Исаковго айтканын, президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу билиш керектигин эскерткенин кошумчалады.  

"Тиешелүү катты мен Сапар Исаковго жөнөттүм. Исаков ТВЕА боюнча Кытай тараптын нотасы бар деп жооп берди.

Бирок ошого карабай мен президентке кат жөнөткөм, кийинчерээк кат  Атамбаевдин тааныштым деген визасы салынып кайра түшкөн. 

Жолугушуулардын биринде Атамбаев менин ТВЕА боюнча келтирген жүйөлөрүм эч негизсиз, анткени баары текшерилген деп айтты”,-деп билдирди Ахметова.

Ссылка: https://barometr.kg/nursuluu-ahmetova-sotto-tecti-zhayloogo-tveany-prezidenttin-apparaty-kandajcha-tandaganyn-ajtty



Добавить комментарий