Нурсултан Назарбев “ардактуу сенатор” наамынан ажыратылды

12 январь 2023 13:33 1632 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбев “ардактуу сенатор” наамы парламенттин жогорку палатасынын регламентинен алынып салынганын Сенаттын төрагасы Маулен Ашымбаев билдирди. Бул тууралку Tengrinews.kz сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Болжол менен эки-үч жума мурун биз регламентти кайра карап чыгып, Сенаттын регламентине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, регламенттен “ардактуу сенатор” деген наамды алып салганбыз. Азыр бизде андай институт жок. Элибиз добуш берди. Июнь айында өткөн референдумда Конституциядан Туңгуч президент – Элбасы тууралуу нормалар алынып салынган. Бул элдин чечими», - деди Ашымбаев. 

Кошумчалай кетсек, Ашымбаев буга чейин “ардактуу сенатор” наамы бир гана адамга ыйгарылганын баса белгиледи.

“Ардактуу сенатор" деген наам мыйзамда жок. Дароо эле айтып коюшум керек, Сенаттын регламентине өзгөртүүлөр киргизилген. Биз бул жобону кайра карап, өзгөртүүдө "ардактуу сенатор" наамын алып салганбыз. Ага чейин ал бир гана адамга берилген.Азыр мындай наам эч кимге берилбейт. Анткени азыр бизде буга эч кандай мыйзамдуу негиздер жок”, -деп түшүндүрдү ал.   
Эске салсак, Нурсултан Назарбаевге 2019-жылдын 30-майында “ардактуу сенатор” макамы берилген. Бир нече күндөн кийин ага тиешелүү күбөлүк жана төш белги берилген. 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/nursultan-nazarbevden-ardaktuu-senator-naamynan-azhyratyldy



Добавить комментарий