Нурлан Насип: Асель жаңы келгенде бир чыныны көтөрүп алып ары-бери басып, баарыбызды күлдүгөн
Ырчы Асель Кадырбекова өзүнүн жаңы келин болуп келген кезин эстеп, соцтармактагы колдонуучуларына “жаңы келин болуп келгенде кандай кызыктуу жана ыйңгайсыз учурлар болду эле?” деген суроо салды. Бул тууралуу ырчынын инстаграмм баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Ырчы жолдошу Нурлан Насип менен бирге түз эфирге барган учурда, жаңы келин болуп келген кезин эстеткен видеону жүктөдү.
“Нурлан менин жиниме тийип эле тургусу келет. Мен чычалап эле жатып калам”, - деген жазуу калтырган Кадырбекова.
Видео тасмадан Асель Кадырбекованын жаңы келин болуп келген кезин жолдошу Нурлан Насип жылмаю менен эстегенин көрүүгө болот.
“Асель жаңы келгенде бир чыныны көтөрүп алып эле ары-бери басканы эсимде. Иши кылып мен жумуш кылып жүрөм дегендей түр көрсөтүп”, - деди Нурлан Насип.
Эске сала кетсек, ырчылар 2018-жылдын май айында баш кошуп, калың элди чогултуп, дүңгүрөтө той беришкен. 2019-жылдын 27-мартында түгөйлөр кыздуу болушуп, кызына Дария деген ысым ыйгарышкан.
Добавить комментарий ×