Нурболот Усенбаев: Грипптин сезонунда коронавирус илдети күчөшү мүмкүн

2 сентябрь 2020 12:38 1625 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күз келди эми грипп жана респиратордук оорулардын күчөшү мүмкүн. Мындан улам, алдын алуу максатында бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаевдин брифинг учурунда берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

“Чет мамлекеттерде коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну байкалууда. Биздин республикада пандемия башталгандан бери бир катар масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Карантин киргизүү, санитардык талаптардын күчөшү жана башка иш-чаралар ооруну убагында алдын алып, туруктуу кармап турууга жардам берди деп эсептейбиз. Тилекке каршы, коронавирус менен бирге пневмония оорусу күчөп, статистикалык маалымат бириктирилген”, - деди Усенбаев.

Ал эми, күз-кыш айларында грипп жана респиратордук оорулардын күчөшүнө божомол бар экенин айтты. Ошондуктан жарандарды абал толук турукташмайынча санитардык талаптарды сактоосуна чакырып өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/nurbolot-usenbaev-gripptin-sezonunda-koronavirus-ildeti-kchsh-mmkn



Добавить комментарий