Ким Чен Ын өз армиясына согушка даярдыкты тездетүүнү буйруду

7 март 2024 18:12 1748 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын согушка даярдыгын жогорулатуу үчүн машыгууларды күчөтүүнү буйруду. Бул тууралуу Кореянын Борбордук телеграф агенттигинин (KCNA) маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 6-мартта Ким Чен Ын Коргоо министри жана Башкы штабдын башчысынын коштоосунда Корей Элдик Армиясынын негизги аскердик базасында болуп, машыгууларды жеке өзү көзөмөлдөгөн.

 «Душмандардын тынымсыз коркутуусу, согуш баштоого болгон аракеттерин ырааттуу түрдө токтотуу жана өзгөчө кырдаалдарда коюлган маанилүү милдеттерди так аткаруу үчүн биздин армиябыз Заманбап согуш түрүндөгү өзгөрүүлөрдү жана өнүгүүлөрдү эске алуу менен согушка даярдыкты өркүндөтүү боюнча ар дайым эң жогорку талаптарды коюп, күжүрмөн эффективдүүлүктү тез жогорулатуу үчүн практикалык машыгууларды тынымсыз күчөтүү керек», - деген ал.

Ким Чен Ын өлкөнүн бүткүл армиясы “азыркы кырдаалга ылайык” согушка даярдыктарды тездетүү үчүн өнүгүүнүн жаңы мезгилин активдүү ачууга тийиш деп билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттары, Түндүк Корея лидеринин аскерий базага сапары Түштүк Корея менен АКШнын куралдуу күчтөрүнүн 4-мартта башталган биргелешкен машыгууларына жооп деп болжолдошууда.


Ссылка: https://barometr.kg/kim-chen-yn-z-armiyasyn-sogushka-dayardykty-tezdetn-bujrudu



Добавить комментарий