Ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат
Бөлүшүү:
Ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
7-8-ноябрда Кыргызстанда тарых жана бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Ведомстводон кабарлашкандай, 7-ноябрь жекшемби күнгө туш келет жана мыйзамга ылайык ал 9-ноябрдагы жумушчу күнүнө жылдырылат.
Беш күндүк режим менен иштеген кыргызстаныдыктар төрт күн-6, 7, 8 жана 9-ноябрда катары менен эс алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/noyabr-ajynda-kyrgyzstandyktar-4-kn-katary-menen-es-alyshat
Добавить комментарий ×