Норвегияда Pfizer вакцинасын алгандан кийин 23 адам каза болуп калды
Норвегияда 23 адам Pfizer коронавируска каршы вакцинасы менен эмделгенден кийин көз жумду. Бул тууралуу Норвегиянын дары-дармек агенттигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Каза болгон 23 адамды 13нө изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында, жашы өтүп калган адамдар ооруну көтөрө албай калган деген тыянакка келишкен.
“Адатта, вакцинанын терс таасирлери улгайган адамдардын оорусунун күчөп кетишине алып келиши мүмкүн”, - дейт агенттиктин башкы дарыгери Сигурд Хортемо.
Норвегиянын Дары-дармек агенттиги жана Улуттук саламаттыкты сактоо институту биргелешип билдирилген бардык терс таасирлерге баа беришет. Натыйжада, Норвегиянын Коомдук саламаттыкты сактоо институту коронавируска каршы эмдөө боюнча көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, улгайган адамдар үчүн жаңы көрсөтмөлөрдү кошту.
Ссылка: https://barometr.kg/norvegiyada-pfizer-vakcinasyn-algandan-kijin-23-adam-kaza-bolup-kaldy
Добавить комментарий ×