Ноокенде изделип жаткан ууруга шектүүлөр Чүйдөн кармалды

31 март 2021 11:58 2689 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жайыл РИИБдүн кызматкерлери тарабынан түштүк аймагынан уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 Кечээ, 30-март күнү Чүй облусунун ИИББдүн жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам издөө иш-чаралырынын натыйжасында Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон кылмышка шектүү жарандар кармалышкан. 

 Алар бир нече уурулукка шектелип, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ИИБү тарабынан изделип жатышкан.

Кармалган жарандар жүргөн автоунаага кароо жүргүзүү учурунда 50 дөн ашык уюлдук телефондор жана 70 ден ашык «Самсунг  жана Редми» үлгүсүндөгү телефондордун бош кутулары алынган.

Шектүү жарандар Жайыл РИИБүнө жеткирилип, териштирүү учурунда алар Ноокен жана Өзгөн райондорунан бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендигин билдиришкен.

Ар тараптуу териштирүү иштерин жүргүзүү максатында, кармалган 1998-жылы туулган Д.Т., 1999-жылы туулган Т.А., 1993-жылы туулган М.О. жана 2000-жылы туулган М.И. аттуу жарандар автоунаасы жана далил буюмдары менен Ноокен РИИБүнө өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/nookende-izdelip-zhatkan-uuruga-shektlr-chjdn-karmaldy



Добавить комментарий