Ноокенде баңгизатты ири өлчөмдө сатып жүргөн 65 жаштагы жаран кармалды
Ноокен баңгизатын сактап, сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Ноокендин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ноокен районунун аймагында “Т” аттуу жаран “гашиш” баңгизатын ири өлчөмдө сатып таратуу менен алектенип жүргөндү боюнча ыкчам маалымат алынган.
“Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорунсатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектелип Ноокен районунун 1958-ж.т. тургуну А.А. кармалган. Шектүүнү кармоо учурунда анын автоунаасынан 1 грамм өзгөчө кескин жыты бар (гашиш) баңгизатыжана атайын белги коюлган акча каражаттары далил буюм катары алынган. Ошондой эле шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, болжол менен 40-45 грамм өзгөчө кескин жыты бар(гашиш) баңгизаты табылган.
5-февраль күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/nookende-bagizatty-iri-lchmd-satyp-zhrgn-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×