Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктаган бала өмүр бою эркинен ажыратылды (Сүрөт)
Ноокен райондук соту 10 жаштагы кызды зордуктаган 20 жаштагы баланы өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-январында жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктаганы тууралуу Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, арыз жазган.
“Окуя кечки саат бештер чамасында мектептен үйгө келе жатканда болгонун жана шектүү 20-25 жаштарда экени айтылган. Бул факты Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөндө жаш кыздардын ич кийимдери табылган», - деп айтылат маалыматта.
Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын жактоочулары облустук сотко даттана турганын айтышты.
Бирок, бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө келип түшө элек.
Ссылка: https://barometr.kg/nookende-10-zhashtagy-kyzdy-zorduktagan-bala-mr-boyu-erkinen-azhyratyldy
Добавить комментарий ×