Ноокенде беш күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм табылды (Сүрөт)

22 август 2020 11:24 1016 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ноокен жана Таш-Көмүрдө рейд өтүп, беш күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ноокен РИИБнин жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан, балдарды социалдык коргоо боюнча комиссия менен биргеликте, тейлеген аймагында жайгашкан базарларда, коомдук жайларда, жол жээгинде мыйзамсыз кайырчылык-тилемчилик менен алектенген жаш өспүрүмдөр арасында «Тилемчи» аталышындагы атайын алдын-алуу ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп жатат. 14-августутта Ноокен РИИБнө Жалал-Абад шаарынын тургуну 2004-туулган кызы тай атасы жашаган Ноокен районунун Бирлик айылындагы үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгондугун билдирип кайрылган. Рейддин жүрүшүндө, жаш өспурум курбу кыздары менен жүргөн жеринен табылып, апасына өткөрүп берилген.                                                              

Иш-чаранын негизинде аныкталган ар бир жаш өспүрүмгө жана алардын ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, селсаяктык, тилемчилик менен алектенишкендигин болтурбоо жана балдардын ден соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирбөө максатында түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/nooken-zhana-tash-kmrd-rejd-tp-besh-kndn-beri-dajynsyz-bolgon-sprm-tabyldy-srt



Добавить комментарий