Ноокенде жамгырдан кийин пайда болгон суу 53 койду агызып кетти
Бөлүшүү:
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл аймагында 5-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кызыл-Туу айылында сугат каналынан суу ашып жашылча эгилген айдоо аянттарды, 12 үйдүн короосун каптаган жана 53 койду агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күнү тазалоо иш-чаралары толугу менен аяктаган.
Добавить комментарий ×