Ноокатта 150 миң сом жана алтын буюмдарды уурдаган киши кармалды (Сүрөт)

4 август 2020 12:26 1462 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ноокатта алтын саткан дүкөнгө ууруга кирген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 17-июлда Ноокат РИИБге  Ош шаарынын тургуну 29 жаштагы А кызы С. арыз менен кайрылган. Анын айтымында 17-июлда саат 14.30 чамасында, Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө киришип, 150 000 сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкен. 

Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. кармалды.

"31-июлда тинтүү жүргүзүү учурунда шектүү М. А. Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан турак үйүнүн короосундагы  жыйналып турган кыштардын арасынан  8 даана кыргыз жарандарынын жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жертөлөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылды", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-altyn-buyumdardy-uurdagan-zharan-karmaldy-srt



Добавить комментарий