Non Stop дуэтинин экс-ырчылары кайрадан бирикти

22 ноябрь 2021 16:02 3098 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Non Stop тобунун мурдагы ырчылары Чолпон Талипбек жана Максат Садырбеков кайрадан топко биригишти. Бул тууралуу алар бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында маалымдашканын “Барометр” кабарлайт.

“Биз расмий түрдө Non Stop дуэтинин ырчылары катары иштей баштаганыбызды билдиребиз”,-деп айтты ырчы Чолпон Талипбек.

Мындан тышкары ырчылар Central Asia's Got Talent таланттар шоусуна Кыргызстандын атынан калыс болушат.

Эскерте кетсек, ырчы Чолпон Талипбек 1990-жылы 22-сентябрда Кант шаарында төрөлгөн.Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин бүтүргөн. 2009-жылдан баштап “NON STOP” тобунда ырдаган. Алгач  “Бийиктик", "Только с тобой" деген ырлары менен таанылган.

Ссылка: https://barometr.kg/non-stop-duetinin-eks-yrchylary-kajradan-birikti



Добавить комментарий