Тез арада Дохада операция жасалат. Неймар бул сезондо “ПСЖ” клубунда оюун көрсөтө албайт

7 март 2023 10:52 708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Франциянын "Пари Сен-Жермен" футболдук клубу форвард Неймар бул сезондо ден соолугуна байланыштуу оюн талаасына чыга албай турганын жарыялады. Бул тууралу “Барометр” маалымдайт.

Маалым болгондой, Неймар 19-февралда Франция чемпионатынын экинчи жарымында "Лилль" клубу менен болгон беттеште жаракат алган. 
Клубдун айтымында, медицина кызматкерлери адистер менен кеңешип, Неймарга тез арада   операция жасоону сунушташкан. Операция жакынкы күндөрү Дохада жасалат.    
Неймардын жалпы командага кайтып келиши 3 же 4 айдан кийин күтүлүүдө.    

Футболчу социалдык баракчасына “Мен күчтүүрөөк кайтып келем" деп жазган.      

Бул сезондо Неймар ПСЖнын курамында бардык мелдештерде 29 беттешке чыгып, 18 гол киргизип, 17 жолу ийгиликтүү топ чыгарып берген.      

8-мартта париждиктер Германияда  "Бавария" менен Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюнун өткөрөт. Биринчи жолугушуу 4-февралда өтүп, германиялык клубдун жеңиши менен аяктаган.      

Ссылка: https://barometr.kg/nejmar-bul-sezondo-pszh-klubunda-ojnoboj-turgany-ajtyldy



Добавить комментарий