Негатив жугуштуу: жакшы гана адамдар менен жүрүңүз!
Адамдардын психологиялык маанайы бири-бирине жугуштуубу, айрыкча көп сүйлөшкөн адамдарда? Бул тууралуу barometr.kg бир катар тажрыбалардын жыйынтыктарын сизге сунуштайт. Мээде өзүн башка адамдын ордуна коюп көрүүгө жоопкерчиликтүү болгон жана эмпатияга жооп берген күзгү сымал чагылдыруучу нейрондор болот. Бул мүмкүндүктүн өзү пайдалуу болгону менен анын терс жагы да бар: адамдар жакшы жакты гана эмес жаман жакты дагы бат кабыл алат.
Негативден негатив жаралат!
Биз дайыма муну мойнубузга албаганыбыз менен Индиана штатындагы университетте жүргүзүлгөн изилдөө башкалардын терс пикири бизге тез таасир бере турганын аныктады. Психологдор негативдүү терс пикирлер позитивдүү оң маанайларга караганда алда канча күчтүү жана таасирдүү болорун далилдешти.
Эксперимент маалында анын катышуучулары ар кандай азык-түлүктөрдү баалашкан. Андан соң бул продукцияларга өздөрүнүн оң жана терс пикирлерин айтышкан. Окумуштуулар тескери пикирлер башка бирөөнүн азыкты баалашына таасир берерин байкашкан, азык тууралуу башында эле тескери пикирлер айтылган болсо калган катышуучулар тарабынан ал ого бетер начар делип эсептелген, башында жакшы деп айтылган азык тажырыйбанын катышуучуларынын бири ал тууралуу жаман деген пикир айтса, муну уккандан кийин начар деп баалаганга өтүшкөн.
Жашоодогу эле жөнөкөй мисал, бир адамды сизге жакын адам жамандай берсе ал адам тууралуу сиз жакындан тааныбасаңыз дагы тескери пикир калыптанат.Балким жашоодо ал жакшы адам, же болбосо мыкты сапаттары бар. Ал эми сиздин жакын адамыңыз аны менен пикири келише албай жаткандыр. Бирок сиз баары бир ал адам тууралуу алгачкы таасириңиз жаман деп баалоо менен кабыл алынгандыктан мээ аны жаман адам деп кабыл ала берет.
Капалануу-вирус сыяктуу бат таралат!
Гарвард университетинин окумуштуулары эмоционалдык абал менен өз ара мамиленин ортосундагы абалды изилдешкен. Алар эмоциянын таралышы вирустук жугуштуу оорудай эле болорун жана бул кубанычка караганда батыраак тарай турганын далилдешти.Тактап айтканда кубанып келген досуңуз сиздин кубанычты 11 пайызга гана жогорулата алса, бактысыз досуңуз сиздин бактысыздыкты эки эсе күчөтүп жиберүүгө жөндөмдүү.
Психологдор тескери эмоцияларды грипп оорусуна салыштырышкан, эгерде жаныңызда жаман маанайдагы адамдар көп болсо сизге жугуп калуусу оңой эле.
Жаман сөздөн мээ жабыркайт!
Биз начар маанай менен агрессияны дароо байкайбыз жана мээ буга тескери реакция берет. Чындап эле урушуп жаткан адамга күлүп карабай турганыңыз анык.
Флорида штатындагы университеттин окумуштуулары тажрыйба жүргүзүп көрүп, ким адамдар менен көп урушса, ал урушкан адам дагы башка бир адам менен сөзсүз, милдетүү түрдө уруша турганын аныкташты. Ал тургай чатакташкан тараптардын мындай агрессивдүү маанайы бир апта бою сакталышы мүмкүн. Себеби адам өзүнө келген жаман эмоциядан кандай гана жол менен болбосун кутулууну көздөйт жана сыртка терс эмоциясын чыгарат.
Айланаңызда жакшы маанайдагы адамдар гана болсун!
Кааласаңыз каалабасаңыз дагы айлана-чөйрөдөгү адамдардын маанайы сиздин жүрүм-турумга таасир берет. Ошондуктан негативдүү адамдарды өтө жакын жолотпоңуз.
Дайыма негативдүү адамдар менен баарлашуу кайгылуу жемишин берет.
Эгер кокус жамандыкка кабылсаңыз жакшылык менен жооп берүүгө аракет кылыңыз! Баардык адамдарга сабырдуу болуңуз, ошондо негативге көп кабылбайсыз! Балким алар да сизге жакпаган ишти жасоо менен сиздин бир кемчилигиңизден кабар берип жатат. Күзгү сымал чагылдырган нейрондор тууралуу унутпаңыз!
Бул феноменди дайыма эсиңизден чыгарбаңыз!
Ссылка: https://barometr.kg/negativ-zhugushtuu-zhakshy-gana-adamdar-menen-zhrz
Добавить комментарий ×