Назира Айтбекова: "Кыз төрөсө да аял күнөөлүбү деген сөзгө эркектер асынып кала жаздашты"

27 ноябрь 2018 15:30 2556 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова мындан эки күн мурда аялдар жана эркектер темасында сөз козгоп, бардык учурда аялдарды күнөөлөшөт, эркек уругун сээп коюп дагы, аял кыз төрөсө дагы күнөөлүү деген пикирин калтырган. Интернет айдыңында анын билдирүүсүнө талаш-тартыштар жаралып, талкуулагандар аял эркек болуп экиге бөлүнүп калышты. Муну да жоопсуз калтырбай Назира айым кайра пикирин калтырып, эркектердин намысына тийди. 

"Кечээтен бери ар кыл комментарийлерди окуп жыргадым. Жыйынтык: 90 пайыз аялдар оюм менен макулдугун билдирди. Айрымдары үйдө кордук, зомбулук көрүп жашаарын айтып, жашыгандары болушту. 5 пайыз  эркектер асынып ала жаздашты. Акаарат келтирип, сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишти. 3 пайыз какшыгымды түшүнгөн жок. Мен кыз төрөсөм, эмнеге күнөөлүү болушум керек деп чычалашты. Темасын карап эле ой жүгүрткөнү да болду. 1% эркектер толугу менен кошулду. 1% аялдар эркектерге жан тартты. Чыдасаңар, өлүп кетпейсиңер! Биз деле ошентип келе жатабыз дешти. Бул статус кайдан чыкты? Өткөндө бир аял кармап алып, - Чыдап жашасаң, өлмөк эмессиң. Биз деле далай төпөшкө чыдап, бул кан соргучка далай канымды берип, балдар үчүн жашап эле келе жатам,- деген сөзүнөн жана мага тынымсыз жазылган каттардан улам анализ жасалды. Биз дайым көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, анан жыйынтыгы жок эле кыйкырып - кыйкырып кала беребиз. Урматтуу, катталуучум, урматтуу замандаштар, үйдө кордук, зомбулукту, басынтууну, күң кылууну токтотуш үчүн эмне чара көрүүбүз керек? 

Бул пост менен аялдарды ажырашууга чакырганым жок. Арамдануунун кажети жок. Жибекти тута албаган жүн кылат. Аялды тута албаган күң кылат дегим келди. Аял затына айтаарым: Ар кимиңиңер укугуңарды коргогонду үйрөнгүлө. Тебелетпегиле. Билим алгыла! Ден соолукту чыңдагыла! Иштегиле! Ийгиликти багындыргыла! Аял затыбыз дени сак, билимдүү, акылман болгондо гана кийинки тукум да күчтүү болот! Күчтүү муун кааласаңар, аялды аздектеп, аялга көңүл бургула! Аял чакчаңдап, эркектин намысы мн ойношун каалабайм! Эркеги күчтүү, бирок үйдө аял менен эсептешкен, сыйлаган, аздектеген, көңүл бурган, коруган, сыйлаган, сүйгөн коомду каалайм! Балдар атанын тепкисин, зордугун, эненин ыйын, кордугун эмес урматын, сыйын, сүйүүсүн, үлгүсүн көрүп чоңоюсу кажет".

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-kyz-trs-da-ayal-knlb-degen-szg-erkekter-asynyp-kala-zhazdashty



Добавить комментарий