Назира Айтбековадан айымдарга кеңеш: “Эч качан жолдошуңду жарнама кылба”

23 январь 2019 15:57 4033 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү теле алыпбаруучу Назира Айтбекова акыркы мезгилде мырзаларга карата жеке оюн социалдык баракчалар аркылуу билдирип келет. Анын жазган постторунун көпчүлүк бөлүгү үй бүлөдөгү жубайлардын ички мамилелерине байланыштуу. Назира Айтбекова бул жолу дагы турмуштук тажрыйбасына таянып айымдарга өзүнүн төрт негизки кеңешин жарыяалады:

“1. Жеке жашоо сыр бойдон калуусу дурус! Өзгөчө айымдардын топурагы жеңил келет. Сенин себептериң эске алынбайт эч качан.

2. Эч качан жолдошуңду реклама кылба! Эч качан! Ажырым жолго түшүп калсаңар, ал рекламадагыдай сонун бойдон калат! Жаманы сен болосуң!

3. Эч качан сынтакпа! Эч качан! Сени эртең кандай турмуш күтөөрүн билбейсиң!

4. Эч качан эч качан дебе! Ат баспайм деген жерин миң басат!”

Бул кеңештерди колдогондордун көпчүлүгү айымдар болууда.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekovadan-ajymdarga-keesh-ech-kachan-zholdoshudu-reklama-kylba



Добавить комментарий