Назира Айтбекова: Албай атса, ушинтип эле алдыргыла!

6 сентябрь 2021 14:37 2125 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Актриса, блогер Назира Айтбекова социалдык баракчасына мырзалардын мүнөзүнүн өзгөчөлүгү тууралуу кызыктуу пост бөлүшкөнүн “Барометр” маалымдайт.

“Албай атса, ушинтип эле алдыргыла! Карап отурмак белеңер! Маселени дароо эле кабыргадан койгула!Тамаша. Башка маселе айтайын дегем негизи.

Эркектер табиятынан аңчы келет.Аң уулаганды, мээлегенин алганды, ал үчүн чуркаганды жактырат. Кыздардын чоң кемчилиги баркын , баасын бийик өтөрбөй эле дароо макулдугун берип, колуна даяр оокат болуп түшүп бергенинде. Арзандын тузу татыбайт. Даяр оокаттын даамы жок. Өз ою жок жетеленме, айдама аял “ыңгайлуу” аял болоор, бирок “ бактылуу “ болоорунан күмөн бар.

Канчалык бийик, өзүңөргө болгон баа жогору болсо, барктуу болсоңор, сизге кылган мамиле да так ошондой болот. “Мен ким элем?” деп турган адамга “Сен ким элең?” мамилеси болот.

Күң болуу, ханыша болуу чечими, тандоосу сенин мээңде гана болот экен. Тегерекке абай салып, түрдүү кыздар, аялдар, келиндер менен сүйлөшүп жүрүп ушуну байкадым. Өзүн тебелеген аял дайым тебелендиле калат. Өзүн көтөрмөлөп, бийиктикке татыктуумун, жакшы мамилеге татыктуумун дегендердин тегерегинде адамдар чарк айланып жүрөт”,-деп жазды актриса айым.

Аталган постко окурмандарды кызыктуу пикирлерин калтырышууда.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-albaj-atsa-ushintip-ele-aldyrgyla



Добавить комментарий