Назира Айтбекова: Жараткандын жаратмандык менен жасаган искусствосун адам жасаган чүпүрөккө ороп жагынбайм!

23 июль 2021 14:39 2567 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Назира Айтбекова: Жараткандын жаратмандык менен жасаган искусствосун адам жасаган чүпүрөккө ороп жагынбайм!

Блогер Назира Айтбекова өзүнө жаман сөз жазгандарды “Менин короомдон кой жоготтуңарбы? Өзүңөрдүн огородуңарды казгыла!”деп кубалап, кезектеги ачык сүрөтүн социалдык баракчасына жүктөгөнүн “Барометр” билдирет.

“Жараткан мени кынтыксыз кылып, эргүүсү менен эзилип, жан дүйнөсүн салып, кынаптап жасаган! Сүйбөсөңөр сүмүрөң калгыла! Жаман көрсөңөр жармаңарды бербегиле! Жараткандын жаратмандык менен жасаган искусствосун адам жасаган чүпүрөккө ороп жагына албайт экенмин! Жаратканыма миң мактоолор болсун! Уялымыш болуп, уу тилин агызгандар, менин короомдон кой жоготтуңарбы? Өзүңөрдүн огородуңарды казгыла!”,-деп билдирди блогер айым.

Буга чейин анын айрым ачык сүрөттөрүн талкууга алып келишкен социалдык тармактын колдонуучулар Назира айымдын сүрөтүнө 10 миңден ашык “жактыруу” белгисин калтырышып, миңден ашык пикир жазышты.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-zharatkandyn-zharatmandyk-menen-zhasagan-iskusstvosun-adam-zhasagan-chprkk-orop-zhagynbajm



Добавить комментарий