Назира Айтбекова: Жолдошумдун жытын сагынып, аны эч кимге ыраа көрө албай жүрдүм

30 сентябрь 2020 12:35 2308 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жолдошу менен ажырашкандан кийин аны унутуу кыйынга турганын бирок, убакыттын өтүшү менен эски жара айыгарын айтты. Бул тууралуу анын соцтармакка калтырган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Ушул күндү унутпайм эмнегедир. Жаңы ажырашкан, жүрөгүмдөгү жарам жаңы кез. Эркин "Эл эмне дейт" скетч шоусунда жолдошумдун ролун ойнойт. Экранда ырсактап каткырып, ролубузду жайдары ойногонубуз менен камера өчөөр замат күлкү да өчөт. Эркин жолдошума аябай түспөлдөшүп кетет. Аны кучактагым келип, жолдошумду сагынып, көргөзбөй, буулугуп ыйлайм. Жанынан жарым карыш чыккым келбейт. Тогуз жылдык өмүрлөшүңдү коё бериш, бат эле унутуп калыш кыйын экен. Эркектердин жан дүйнөсү кандай ким билсин, бирок аял кишинин жан дүйнөсү бырчаланса, кыйраса, кайра тургузуш үчүн далай убакыт талап кылынат тура. Балаң атасына жолугуп келген соң, чачтарына сиңип калган жытты жанталашып, талгагы бар немедей жыттайсың. Уктасаң түшүңөн кетпей, турсаң оюңда жүргөн азап экен. Мээңди чыгарып, тазартып, баарын өчүрүп, жууп туруп кайра салгың келет. Айла жок. Көчөдөн ага окшош мырзалардын баары көзүңө жылуу учурайт. Ичиңде "Курсагы токпу, жылуу кийиндиби, оорубай элеби?" ж.б. миң түрлүү суроолор, тынчсыздануу, санаа бар. Көчөдөн ага ылайык көйнөк көрүп калсаң, адатынча чуркап барып, баасын сурайсың. Анан эсиңе түшкөндө шаабайың сууй түшөт. Жашооңо башка адамды киргизиш да азап аялга. Эриң алыска кетип калгандай, эртең келчүдөй, башын аттагың келбей, күтөсүң. Анын ордун кызганып, ыраа көрбөй , эч кимди ээлептпей жүрөсүң. Ал үйлөнүп алса дагы адатты ташташ кыйын болот. Адам баласы анан унутчаак келет экен. Ошол унутчаактыгыбыз болбосо, далай жаралар айыкпай, өмүр өткүчө кыйналмактырбыз. Убакыт алыстаган сайын, көздөн ыраак болгон адам көңүлдөн ыраак болуп, элеси, жыты, үнү эсиңден чыга баштайт. Анан жашооңо эзели келбеген, жөн гана түш сымал өтүп кеткендей унутасың. Ал тургай, "Ал мен эмес, менин жашоом эмес, бирөөнүн окуясы!" дегиң келет. Ичиңде бир чети терс, бир чети жагымдуу из калат. Мээңди чыгарып, жууп, тазалап, кайра салып койгондой жашоо кызык экен”, -деген билдирүү калтырды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-zholdoshumdun-zhytyn-sagynyp-any-ech-kimge-yraa-kr-albaj-zhrdm



Добавить комментарий