Назира Айтбекова жаңы образы тууралуу: Түшүңөргө кирип кетчи элем! Нервиңерди сактагыла!

17 июнь 2018 07:25 6966 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Теле жылдызы Назира Айтбекова социалдык баракачасына өзүнүн жаңы образын тамашалуу мүнөздө жарыйалады.

Ал өзүнүн келбетин башкача кылып алган сүрөтүн жүктөп, төмөндөгүдөй баяндады:.

"Көнүп алган адатыңардын чыккыла!  Жаңы нерсени ооз тийгиле! Жаңы кадамдарды жасагыла! Эрежеңерди өзгөрткүлө ! Күндө эле басып жүргөн жолуңарды тебелей бербей, башка жол тандап көргүлө. Аң сезимди өстүргүлө!  Балчык бир жерде тура берсе, бузулуп, жыттанып кетет. Таза суу куюп туруу абзел. Балчыкка батпагыла. Жаңы, таза суу куйгула! Көз караш, дүйнө таанымыңарды кеңейткиле! Айрым нерселерге юмор менен карагыла!  Жаңы образ кылып көрдүк. Кадимки Айтбекованы жакшы тааныйсыңар. Бирок ошол Айтбекованы бир аз гримм  менен өзгөрттүк. Эртең гезит беттеринен көрсөңөр, - Кайсы желмогуз?- дебегиле! Менимче жаңычылык. Бул тажрыйба мага жакты!  Эми бабырабай, Айтбекова асмандан түшсө да, сүйлөнбөй жаткыла! Түшүңөргө кирип кетчи элем! Нервиңерди сактагыла! Ичиңер да өтүп кетчү эле. Кагаз - кугазыңарды белендеп жаткыла!", - деген тамаша пост калтырды Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-zhay-obrazy-tuuraluu-tshrg-kirip-ketchi-elem-nervierdi-saktagyla



Добавить комментарий