Назира Айтбекова: "Жалгыздыкка көндүм, ыңгайлаштым"
Алып баруучу Назира Айтбекова жалгыздыкка ыңгайлашып көндүм деп жазды жеке баракчасына. Алып баруучу жолдошу менен 2017-жылы эки айрым жолго түшкөн. Көптөн бери Назира айым ар кандай ой-толгоолорду, постторду жазып келет.
"Адам баласы баарына көнөт окшобойбу. Көндүм. Жаздыгымды сырдаш кылып жатканга, жалгыздыкты жар кылганга көндүм. Башка түшсө байтал жорго.. ушунчалык көндүм жанымда бирөөнү элестете албагыдай көндүм. Көнмөк түгүл өзүмө өзүм кожо болуп, көйгөйүмдү өзүм чечкен, эч кимден көз карандысыз, күчтүү болгон жагып бара жатат. Карманганга тал издеп, карайлап, энесинен адашып калган жетим козудай караанга муктаж болгон кыздын ордуна караңгыдан да чочубаган, жалгыздыкты жолдош кылган бирөө пайда болду. Үркөк, коркок, алсыз деген аялга турмуш жүк көтөртсө өгүздөй күчү пайда болот экен. Адам тааныбаган нерсесинен коркот тура. Чочулагам. Чочуламак түгүл коркком. Чалкаман кеткем. Үшүгөм. Жан дүйнөм үшүгөн. Үшүгөнүң ысып, муздаганың жылып, караңгыдан да жарык табуу мүмкүн экен. Ыңгайлаштым. Жайыт жарашып бара жатат... #жөнэлеойлор #күндөлүк"
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-zhalgyzdykka-kndm-ygajlashtym
Добавить комментарий ×