Назира Айтбекова: "Ылдый жагында бир карыш эт ашыкча өсүп калганы эле болбосо, эркектик касиет жок"
Атактуу адамдардын дарегине айтылган кандай сөздөр болбосун социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып келет. Мындан тышкары коомдогу болуп жаткан көрүнүштөр дагы четте калбайт. Интернет аркылуу кайым айтышып, будуң чаң болуп барып эле элдешип алгандар да аз эмес. Жаңырган жылдын башында КТРКны сындап ырчы Бек Борбиев Facebook баракчасына жазып чыккан. Анын сөздөрүнө Илим Карыпбеков өзүнүн аргументтери менен жооп берген.
Алып баруучу Назира Айтбекова бул окуяга катуу намыстанганбы, айтор мырзалардын мындай учурдагы мамилелери тууралуу жеке оюн Facebook баракчасына жарыялады:
"Социалдык тармактардын өнүгүүсү эркектердин тилин узартты го ээ? Илгери эркекче бурчка жетелеп барып туруп, тумшуктарын жалпайта коюп "Эр чекишбей бекишбейт" деп күптүсү чыгып, түшүнүшүп алар эле. Азыр телефондун артында акыйнек айтышып, кимиси көбүрөөк, курчураак, узунураак статус жазса, ошол утат деген түшүнүк. Жеке мен үчүн өөн учурайт. Эркектик сапатты ылдыйлатпай элеби, же мага эле ушундай көрүнүп атабы? Цивилизациялык жашоодо сөөмөйдүн учу эле иштегени туурабы? Кызыктай көрүнүш! Ушак ташып, кыздардын статусу, сүрөтүнүн алдында сындап, жамандап, каргап, сөгүп комментарий жазгандардан көңүлүң айланат тим эле! Ылдый жагында бир карыш эт "лишний" өсүп калганы эле болбосо, эркектик сапат, намыс, касиет жок!"
Назира Айтбекова бул пикирин баардык эркектерге тиешелүү эместигин белгилеген. "Мырзалардын арасында жакшылары, бар. Кызыл китепке кирчүдөй азсыңар бирок!" - деп кошумчалаган.
Бул сөздөрдөн кийин баракчасында чоң талкуу жаралды. Айрымдары "Назира айым чынында биз эркектер азыркы болуп жаткан кырдаалга күнөөлүүбүз. Сиз туура айтасыз" - деп пикир жазып жатышат.
Добавить комментарий ×