Назира Айтбекова: "Сүйлөтүп коюп, жантыгыман жата калып угам. Топуктугу, шүгүр кылганы, акыл жактан тунуктугу жакты"
Алып баруучу, журналист жана блогер Назира Айтбекова соцтармактардагы баракчаларынан окурмандарына жаңы ой толгоосу менен бөлүштү. Ал өз билдирүүсүндө:
“Чоңойуу физикалык жактан чоңойуу эмес, руханий жактан өсүү окшойт баамымда. Карып, канча жашты тебелеп өтүп калса дагы, акылы жок, көрөгөчтүгү көр бойдон калган адамдарды көп көрдүм. Студент кезимде ооруканада эки кемпир мн жатып калдым. Экөө тең жашта болгону менен бири эрке, экинчиси даанышман, токтоо эле. Сары кемпир балдарына чоектоп эркелеп, кенедей баладай кейреңдегенин көрчүмүн. Экинчиси уул - кызы келсе, акылын ай кылып, балдарынын жолун жарык кылып тураар эле. Куюлуштуруп да укмуш сүйлөчү. Анын ар бир айткан макалын, ырын, каймактаткан сөздөрүн далай жазып алдым. Сүйлөтүп коюп, жантыгыман жата калып угам. Топуктугу, шүгүр кылганы, акыл жактан тунуктугу жакты. А берки сары эне эркелетип, балдары көзүнүн агы мн айланып турса дагы баарына нааразы. Наалый берет. Кандай мүнөз күтүшсө да экөөнү бирдей жакшы көрүп, энеме окшотуп, элжиреп, эбедейим эзилип турчу.
Түйшүктү көп тарткандар, турмуштун токмогун жегендер эрте жетилет го дечүмүн. Өмүр бою жашоо башын чокмор менен кандаса да акыл кирбеген адамдарды көрүп, таң калдым. Бир түшкөн аңын миң тебелеген, көзгө сайса да көрбөгөнү болот экен. Кыйкырсаң үнүң жетпейт, көргөзсөң көзү көрбөйт. Тилиң тешилип, дилиңди салсаң да тетири сүйлөп, отко айдасаң, бокко качканда айлаң куруйт. Чоңдоруң чоңойбосо, айла жок жаштар жетилет окшобойбу? Чоңдору алысты көрө албай жатса, жаштары алыска таштайт арканды. Улуусу акыл калчай албаса, кичүүсү көрөгөчтүгүн кылат. Чоңдор баарын билсе керек, чоңдордун дүйнөсүнөн баары көрүнсө керек дечүмүн. Чоңойгум келчү. Көрсө, кеп жашта эмес экен. Кеп башта экен”, -деп ойго салды.
Көпчулүк бир сөздөн Айтбекованын ой жүгүртүүсүнө таң беришүүдө.
Добавить комментарий ×