Назира Айтбекова сөгүнбөй калганын айтты. Себеби эмнеде?
Белгилүү телеалып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн кайсы терс адаттары бар экенин күйөрмандары менен бөлүштү.
Ал болбогон нерсеге кыжаалат болорун, шашма экенин ачык жазды
“Жан дүйнөнүн кыжалаттыгын токтотуу кыйын. Өзгөчө кыжы-гужу ой басат. Мээңде эки ой эки башка бөлүнүп алып кырылат. Болбогон нерсеге эле санаа тартып, өзүбүздү-өзүбүз жемей адат бар. Алдыдагы менин ишим ошол кыжалаттыкты таштоо. Оорунун баары ошондон чыгат дешет. Дүйнө бир тең болуп камырабай жүргөндөргө жыргал. Ошолордун жыргалчылыгын үйрөнүү керек. Бир ишим бүтмөйүн бышып кетем. Шашмамын. Убагында жеткичекти нерв кашайып, сүйлөнүп, сөгүнүп-сагынып айдайсың унааңды. Көңүлдү башкага буруп, мээңдеги окуяларды башка каналга которо билүү сонун. "Эч нерсеге эч качан кеч эмес. Боло турчу нерсе өз убагы менен болот" дегенди бир тренингден уккам. Ошондон кийин жок дегенде унаада тыгынга калып калганда сөгүнбөй калдым. Болбосо машинамды көтөрүп алып эле чуркагым келчү. Сенин ишиң, оокатың, сенин адамың болсо, сага буюрат. Миң кыжалат болуп, башыңа бүткөн түктүн баарын терип салсаң да сеники болбогону кетет. Жакшылыкка деп жоруп, демек, ушул нерсе буюруп атат дегендик болуш кк экен. Миң кыйын болот акыл. Билем дейт! Колдонгонго келгенде эле кокондон башка эчтеке жок. Баарыбыз акылдуубуз. Оюбузда бирок. Тажрыйбада ар ким ар кандай жыйынтык көргөзөт. Акылдуу ойлорду жашообузга колдонгонду үйрөнүү - эң сонун иш!» - деп жазды ал.
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-sgnbj-kalganyn-ajtty-sebebi-emnede
Добавить комментарий ×