Назира Айтбекова: Кыздар, эч качан жеке турмушуңарды ачыктабагыла. Муну мага биринчи турмушум үйрөттү

8 январь 2021 17:48 2034 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова кече, 7-январда соцтармактагы баракчасына сырдуу жигит ага шакек салып жаткан сүрөтүн жүктөгөн. Бул сүрөт коомчулуктун кызуу талкуусуна айланып, ага бакыт тилегендер болгон. Айтбекова ошол сырдуу сүрөттүн чоо-жайын айтып, ал жөн гана клиптен үзүндү экенин билдирди. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Достор, бул клиптен алынган сүрөт. Жакында Кайрат Примбердиевдин клибинен көрө аласыздар. Шакек сунган кол режиссерубуздун колу. Түнү менен ичип кеткендер, ичкиликти токтоткула. Али шансыңар бар. Тамаша! Кыздар, эч качан жеке турмушуңарды ачыктабагыла. Көздүн карегиндей сактап, ыйыгыңарды сыртка чыгарбагыла. Муну мага биринчи турмушум үйрөттү. Экинчи ирет турмуш куруу аял кишиге оңой эмес. Өзгөчө баласы бар аялга кыйын. “Баламды таарынтып койбойбу ?” деп эле энелик инстинкт чочулай берет экен. Азырынча эркиндиктин, жалгыздыктын ырахатын татып аткан кез. Ар бир статустун жакшы да, жаман да жагы бар. Тек гана позитивдүүсүн көрө билели. Кандай гана абалда болбо ар бир абалдан бакыт издегенди  билели”, - деп жазды Айтбекова.

Эскерте кетсек, Назира Айтбекова менен жолдошу Искендер Шаршеев тогуз жыл бирге түтүн булатып, бир уулду болгондон кийин 2017-жылы эки ажырым жолго түшүшкөнүн айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-kyzdar-ech-kachan-zheke-turmushuardy-achyktabagyla-munu-maga-birinchi-turmushum-jrtt



Добавить комментарий