Анджелина Жоли: Израиль Палестинаны кырып жатса да үн катпаган дүйнөлүк лидерлер согушка шериктеш

2 ноябрь 2023 16:36 1719 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Голливуд актрисасы жана БУУнун мурдагы ак ниет элчиси Анджелина Жоли Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин сынга алды. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Жолинин айтымында, бейкүнөө тургундар бомба ташталып, Газа тилкеси чыныгы массалык күмбөздөргө айланууда.

"Бул кача турган жери жок камалып калган калкты атайылап бомбалоо. Газа ансыз да дээрлик жыйырма жыл бою ачык абадагы түрмө болуп келген. Эми болсо тез эле массалык мүрзөгө айланды. Өлгөндөрдүн 40 пайызы бейкүнөө балдар. Бүтүндөй үй-бүлөлөр өлтүрүлүүдө”, -Жоли билдирүүсүндө.

Актриса белгилегендей, эл аралык коомчулук миллиондогон палестиналык жарандардын "жамааттык жазага жана өлүмгө" дуушар болуп жатканын "жөн эле карап турат".

"Ок атууну токтотууну талап кылбастан, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жаңжалга эки тарапты күнөөлүү деген билдирүүсүнө реакция жасабаган дүйнөлүк лидерлер кылмышка шерик болуп калышат", -деп кошумчалады ал. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/andzhelina-zholi-izrail-palestina-elip-kyryp-zhatsa-da-n-katpagan-djnlk-liderler-sogushka-sheriktesh



Добавить комментарий