“Эми мен официалдуу түрдө бойдокмун”. Нурлан Мотуев жубайы менен ажырашканын айты

3 март 2023 10:25 1386 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев жубайы Элнура менен ажырашты. Бул тууралуу Мотуевдин соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Мотуевдин айтымында, ал жубайы Элнура экөө официалдуу түрдө ажырашкан.

“Мен баарыңыздарга айтып койоюн келинчегим Элнура Ноорузбаева менен ажыраштым. Ал мен саясий туткун болуп жүргөндө менден 27 жаш кичүү болгонуна карабай тийген. Анысына чоң рахмат. Ошонусун баалап, ортобузда бала болбосо да 1 квартира, 1 унаа келчү акча счётуна которуп койдум.

Ажырашканыбыздын себеби, баягы мага зордуктады деп арыз жазган кыз эмес. Аны уюштурган Элнура эмес экенин мен жакшы билем. Биздин ажырашканыбыз такыр башка. 

Мен кайрылуу жасабай эле койоюн дегем. Бирок, Эля менин соцтармактагы баракчаларымдын баарын өзүнө көчүрүп алыптыр. Анан мен башка кыздар менен таанышсам эле аларга жазып, ал менин күйөөм деп ыйлактап жатыптыр. Айтаарым Эля мени тынч койчу. Мен да жеке жашоомду түзүшүм керек. Эгер мени чындап сүйсөн анда башында жакшы мамиле кылышың керек болчу, эми баары кеч.
Мени тынч коюуп, бир там, бир унаага жетчү акчан бар жакшы жаша”, -деп кайрылуу жасады Мотуев.

Эске сала кетсек, буга чейин, “Мотуев зордуктады” деп жаш кыз милицияга арыз менен кайрылганы маалым болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/emi-men-oficialduu-trd-bojdokmun-nurlan-motuev-zhubajy-menen-azhyrashyp-esebine-1-batir-1-unaa-kelch-akcha-kotrgonun-ajty



Добавить комментарий