Назира Айтбекова: "Кыз жакшы экен" деген сайын кыз төрөгүм келип, табитим ачылып жатат

6 январь 2021 13:34 2091 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова уулуна шерик кылып дагы бир “кыз төрөп алсам болот эле” деген оюун айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Былтыр апам менен уулумду Туркияда эс алдыргам. Быйыл карантинге байланыштуу санаторийге жөнөттүм. “Кыз деген жакшы болот турбайбы" дешкен сайын кыз төрөгүм келип, аппетит ачылат десең! Алар жыргаган сайын мен жыргап атам. Башым аман болсо, дүйнөнү кыдыртсам. Жакындарымдын бактысы, күлкүсү мени ушунча бактылуу кылат. Жакшы эс алып, ден соолугун чыңдап келишсин”, - деп жазды Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-kyz-zhakshy-eken-degen-sajyn-kyz-trgm-kelip-tabitim-achylyp-zhatat



Добавить комментарий