Назира Айтбекова: "Күчтүүлөр жагат"
Заманыбыздын мыкты алып баруучуларынын бири Назира Айтбекова байма-бай өзүнүн ой-толгоолорун, жашоого көз карашын, жан дүйнөсү эмнени эңсеп жаткандыгын куйөрмандары менен бөлүшүп, жеке баракчасына жарыялап турат. Бул жолу алып баруучу "күчтүү адамдарды сүйөм"-деп жүрөгүндөгү тереңдикте "күчтүү сүйгөнүн" издеп жаткандай окурмандарына ой калтырды.
"Сыналган сайын сынбаган, чалынган сайын чыйралган, үстүнө турмуш жүк берсе, кың дебей, белим деп бекчейбей, кара терин аарчып коюп көтөрүп кеткендер жагат. Шылтоо издебегендер, өзүнө өзү жактоочу, өзгөгө айыптоочу эмес, баарына адилеттүү жыйынтык чыгаргандар жагат. Күчтүүлөрдү сүйөм! Кайраты ашып, кабагым - кашым дебей, жашоосун татыктуу уланткандар, а түгүл мурункудан да мыкты кылгандар, жашоо тузду сунса, тамагына кошуп, таттуу кылып алгандар жагат мага. Жагат мага эрдиги чоң адамдар! Өзүн эле эмес балдарын бутка тургузуп, жакындарын кошо сүйрөп, жанындагылардын баарын демине кошуп, чуркаткандар! Абдан жагат! Дем берет! Эргүү тартуулайт! Күчтүү болгуң келет аларды көрүп! Андай адамдар көп болсо, үлгү болсо!",-деп жазды Айтбекова.
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-kchtlr-zhagat
Добавить комментарий ×