Назира Айтбекова: "Гомосексалюттар", "Двоечниктер" бириктиңер, тикенектей кирипсиңер"

18 март 2019 17:30 7013 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү алып баруучулардын бири, журналист, акыркы учурларда өзүн блогер катары сынап келген Назира Айтбекова фейсбуктагы жеке баракчасына айып пулдар жана коомдогу актуалдуу делген темалар тууралуу пост жазып чыкты.

Айтбекова өз постуна:

“Өкүрсөм кетпей, өкүнсөм жетпей, өлтүрсөм болбойт өкмөттү деген хит ыр жазсам болобу? "Бизнести жасаганды билгендер бириктиңер! Карапайым калкыңдын капчыгына кирипсиңер" деген ыр жазайымбы же! Жемсөөңөргө жем толбой, улам торуп, жеткен жерден жете калып канын соруп турган желмогуздар жөнүндө жомок жазсамбы? Кайсынысы жарашат? "Гомосексалюттар", "Двоечниктер" бириктиңер, тикенектей кирипсиңер. Улак тартыш, улак тартыш! Айыппулдар көбөйдү, жөнөкөй журт төлөйбү...”, - деп өзгөчө куйкум сөздөрүн жазды.

Көпчүлүк Назира Айтбекованын бул жолку постун да адаттагыдай кызуу талкууга алышты. Пикир калтыруучулардын айрымдары "сонун темалар", "жаз Назира", "ыр жаз" дешип колдоого алышса, башкалары постту жөн гана тамаша иретинде кабыл алышып бир күлүп алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-gomoseksalyuttar-dvoechnikter-biriktier-tikenektej-kiripsier



Добавить комментарий