Назира Айтбекова: Эмне жазыгым, кайсы катам үчүн таяк жейм

18 сентябрь 2020 11:06 7344 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына бети көк-ала болуп сабалган сүрөтүн жүктөдү. Ал ар бир адам өз жашоосун жакшы нукка буруп, өзгөртүүгө күчү жетерин айтты. Бул тууралуу Айтбекованын соцтармакка жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет

“Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун , ал денеме тийгенден соң жанчылганын жатка билем. Денем көгөргөн сайын көңүлүмдө, жүрөгүмдө так калат. Ар бир төпөшүң мени дагы сындырат, дагы чөгөлөтөт. Жакшы көрөм дейм. Жек көрүүм да сага болгон сүйүүмө өрүлөт. Кайсы сезимим күчтүүрөөк чыгып атканын айрымалай албай кыйналам. Неге? Балдарымды бапыратып берип, үстүңө үйрүлүп түшүп, очогуңду булатып, камыңды көргөнүм үчүнбү? Кайсы жазыгымды айыптап, кайсы катам үчүн төпөш жейм? Түк түшүнбөйм. Кетем дейм! Жаныма батканда чамынып чыгам. Кайда барам? Кимге батам. Сенден башка жакыным жок. Суук дүйнө мени кабыл алабы, кучагына кысабы? Жакыным деген сенден ушунча кордук көрөм, чочун адам чекемди жылытабы? Кетип калам . Байланган иттей кайра келем. Сүйүүңдү көрүш үчүн эмес. Тепкиңди жеш үчүн келем. Бирок бүгүн бошонгум келди. Жашоону сүйгүм келди. Бүгүн жаңы барак баштайм деп чечтим. Мурункудай кайра эле келет дебе. Мындан ары сүйүү күтпөйм. Сүйүү жаратам. Кандай сонун.  Жашоонун кереметин сезбептирмин негедир, бүгүн менин жаңы төрөлүшүм. Көзүм көгала төрөлдүм. Бирок бактылуумун”, -деген билдирүүсүн калтырган.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-emne-zhazygym-kajsy-katam-chn-tayak-zhejm



Добавить комментарий