Назира Айтбекова чоң апасы каза болгону тууралуу: Эне, өлбөй тур! деп күндө айтчу элем

4 апрель 2019 11:58 3523 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу, журналист Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан чоң апасы тууралуу кайгылуу пост жазып көпчүлүктүн көңүлүн оорутту.

Айтбекова:

“Энемди этегинен жетелесем, жашоодо карманган талымдай сезилип, өзүмдү коргоодо жүргөндөй, таманым жерге ишенимдүү басат эле. Жерге отурса тепейип барып, алдына отура калам. Эң башкысы энем жанымда деген сезим туруусу керек. Бир күнү энем көлөкөлөп, алдына үстөл коюп, отура калды эле чуркап барып адатымча алдына отурдум. Көйнөгүнүн алдын селкинчек кылып ойдолоп атсам эле, "тырт" деген үн чыкты. Карасам, көйнөгү жыртылып, мен жерде калдым. Аябай боорум ооруду. Энемдин жалгыз эле ошол көйнөгү калып, аны да жыртып алгандай, өзүмдү күнөөлүү сезип, эмне кылаарымды билбейм, бушайман боло түштүм. Көнө келсе, көп жылдан бери үстүнөн түшүрбөй, тепкилеп кийип жүрүп, эскилиги жетсе керек. Адамдар эле эскирип, карып арыбайт экен. Ар бир буюм да чарчайт тура. Чоңойсом энеме көп көйнөк алып берем дедим ичимден. Карап тур, жаңысынан, түрдүүсүнөн алып бербесем элеби дедим! Чоңойгонго шаштым аябай. Эне, - дейм күндө, - сен өлбөй тур! Менин чайымды ич, көйнөгүмдү кий, жоолугумду салын, балдарымды жытта,- дейм. Макулдун башы оорубайт болуп энем деле күндө "Макулун" койбойт. Жарыктык,чоңоё электе эле 9 жашка эми чыкканда кете берди. Аябай жетимсиредим. Ата - энем жанымда айланчыктап турса да жетимсиредим. Баары биригип, энемдин мага берген сүйүүсүн, караанын эч ким бере алмак эмес анткени...”, -эенесине болгон кучалыгын, сагынычын жана сүйүусүн билдирди.

Эске салсак, учурда Назира Айтбекова жолдошу менен эки ажырым жолго түшүп баласын жалгыз өстүрүп жаткан учуру. Алып баруучу өзүнүн жашоосу жана сезимдери менен баракчасынан бөлушүп келет.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-cho-apasy-kaza-bolgonu-tuuraluu-ene-lbj-tur-dep-knd-ajtchu-elem



Добавить комментарий