Назира Айтбекова “чай куйбайм”, “төрбөйм” деген аялдар кайдан чыгарын айтты

10 март 2020 10:59 1702 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү телеалып баруучу Назира Айтбекова учурда “чай куйбайм”, “төрбөйм” деп ачуу айкырык салып жаткандар кайдан чыгарын Facebook баракчасына жазды.

"Чай куйбайм", "Төрөбөйм", "Өз билгенимди кыламды" сүйүүдөн запкы жегендер, эркектен кордук көргөндөр, эркектерди кабыл алгысы келбегендер айтат. Сүйүүгө тунгандар, турмушта бактылуулар, эркекти кабыл алгандар, жакшы көргөндөр тим эле чарк айланып, түрлөнтүп тамак жасап, төрөгүсү келип турат.

Анткени каалайсыңбы, каалабайсыңбы жаратылышыбыз ошондой! Мээрим, сүйүү толуп турат аялда. Эгерде биздин коомдо "Чай куйбаймдардын" үнү катуураак чыгып жатса, демек, абал оор дегендик. Зомбулук көргөн аялдын саны көп дегендик. Бактылуу аял менен зомбулукту көргөн аялдын, ажырашкан аял менен үй-бүлөсү бекем аялдын көз карашы бирдей болбойт эч качан. Эки тарап эки башка терезеден баш багат. Үй бүлөлүү кезимдеги менен азыркы жалгыз бой кезимдеги ой жүгүртүүлөрүм эки башка. Жаңы ажырашкандагы эркекке болгон жек көрүүмдү эстесем, күлкүм келет азыр. Баарын топтоп туруп өрттөп жибергим келчү тим эле. Элестет анан зомбулукту, төпөштү көргөн аял кантип атат? Ачуу айкырык бейпил турмуштан чыкпайт. Бейпилдикте ыр чыгат, үн кооз чыгат, күлкү чыгат. Жарасы ачышкан адам гана жаңырта айкырык сала алат.

Эске салсак, 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкекте аялдар жүрүшкө чыккан. Алар колдоруна ар кандай чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алган. Жүрүшкө чыккандардын аракетине беткап тагып, калпак кийген кишилер жолтоо болгон болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-chaj-kujbajm-trbjm-degen-ayaldar-kajdan-chygaryn-ajtty



Добавить комментарий