Назира Айтбекова: "Чачы түшкөн, курсагы чандайып чыккан бирөө сенин чыныгы адамың"
Алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчасында бакыт үчүн күрөшүүгө чакырды.
"Акыл менен чийип алган сүйгөнүбүздүн портрети бар. Ал коомдо модага айланган адамдын үлгүсү болушу мүмкүн. Кайсы кесип бааланса, ошол кесипте иштеши, сымбаты учурда кыздар суктанып жүргөн курсагындагы төрт чарчысы (кубиктери) бар, спорттук түзүлүштөгү, бою узун, чачы токой болушу ыктымал. Кыйнап атып акылыбызды сүрөтчү кылып тартып алган адамыбызды жүрөктү зордоп сүйгүзүп алабыз. Аны канча жыл издейбиз. Андай адамды таап алсак, болгон курбуларыңдын шилекейи куюлуп, эл алдында абдракатың өсөт дейбиз. Элдин мүдөөсүн, элдин пикирин алдыга коюп алдык. Байкап көрсөңүз. Болбосо, бою кыдыйган, чачы түшкөн, курсагы чандайып чыккан бирөө сенин чыныгы адамың. Аны элдин пикиринен жазганып чанып жүргөн болосуң. Акыл чийип берген сөзсүз эле жүрөк тандаган адам боло бербейт экен. Акылың, руханий дүйнөң, жүрөгүң , пикириң, көз карашың үндөш келсе, сырткы келбет кепке турбайт. Ошондой эле элге эң көп жаккан, эл арасында рейтингде турган жумушка иштөөгө ашыгабыз. Юрист, экономистпиз баарыбыз. Жүрөк болсо, башка эле кесиптен ырахат алат болбосо.. Элдин алдында абдыракаттуу, престиждүү болом деп, элге жагынууну бийик коюп алып атып эле чыныгы бакыттан, ырахаттан кур жалак калат экембиз... Бакыт эртең менен көзүңдү ачканда сүйүнүп кете турчу жумушуң болсо, келе жатканда кубанып үйгө келгенге себепкер адамың болгону эмеспи. Анда эмнеге эң маанилүү тандоону башкалардын тандоосуна таяйбыз?! Бактыңар үчүн күрөшкүлө!", - деп жазды Айтбекова.
Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-chachy-tshkn-kursagy-chandajyp-chykkan-bir-senin-chynygy-adamy
Добавить комментарий ×