Назира Айтбекова: биз адамдар коркобуз, баарынан коркобуз

6 май 2020 09:47 2899 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Телеалып баруучу Назира Айтбекова адам баласы дайыма коркунучта жашарын айтты. Керек болсо сүйүп салуудан, сүйүктүү болуудан да корко турганын ачык жазды.

«Адам баласы коркунучту тааныйт. Тааныганда дагы жазбай тааныйт. Коркунуч менен жаралып, коркунуч менен жашап, коркунуч менен өлүп атсак, тааныбай анан? Сүйүү өгөй сындуу. Билесиң, бирок сезбейсиң. Аны көп айтаарсың балким, бирок даамдап көргөнү, сүйүүдө төрөлүп, жашап, өлгөнү аз. Жокко эсе. Сүйүү эмес жан дүйнөдө коркунуч байырлаганы үчүн төрөлгөндө ыңаалап ыйлап, ызы-чуу салып, коркуп келебиз. Сүйгөндө да жоготуп алсакчы деп коркунучка жамынып алып сүйөбүз. Балабыз төрөлгөндө да өзүң көргө эле көмүлүп калып тынчыбасаң, өмүр бою балаңдын үстүндө титиреп, коркунуч сыйдырып жашайсың. "Ден соолугу жакшы болсо экен. Аман болсо экен. Жакшы эрге, же жакшы аялга жолукса экен" ж.б. коркунучун сыйдырабыз. Эртеңибизден коркобуз, Кудайдан коркобуз, уятыбыз чыгып калып, ашмалтайыбыз кетет деп коркобуз, жалганыбыз чыгат дейбиз, өлүп кетиштен коркобуз, элдин сөзүнөн, жада калса, мончок, тумар тагынып, көзүнөн коркобуз. Ачарчылыктан, же байлык топтоп алып жоготуп алыштан, алданып калыштан, сатып кеткенден, сүйүп калыштан, же жападан жалгыз калыштан коркобуз.

Караңгыдан басыштан, уурдатып ийиштен, төпөш жештен, кээде сүйүнгөндөн, жыргагандан, жакшы күндү көрүштөн да коркобуз. Жакшынын артынан жамандык келсечи дейбиз. Коркобуз биз.

Ата-энеңден, бир туугандан, эриңден, аялыңдан...ж.б. көңүлүн калтырыштан, маанайын бузуп алыштан, тил угуштан, жаман көрүнүп калыштан, туура эмес таанылып калыштан коркобуз. Сүйүүнү каягына кыпчыдык? Сүйүү, ырахатка батуу, жыргоо, жакшы көрүү, жайдары болуу жокко эсе. Аларды өзүбүзгө ыраа көрүштөн да коркобуз. Коркунуч бар жерде сүйүүгө орун жок экенин билбейбиз. Эки көйнөктү кийип алган сыңары эки сезимди бир убакта сезүү мүмкүн эмес. Биз дайым коркунучту тандайбыз. Ал сезим менен жашаштын ыңгайын таап алганбыз анткени», — деп жазды Айтбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-biz-adamdar-korkobuz-baarynan-korkobuz



Добавить комментарий