Назира Айтбекова: Айсулууга баягылар баягысын карматып, калпагын көтөрө чыгып кууратпаса экен...

22 сентябрь 2019 09:50 9256 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү алып баруучу, журналист, актриса Назира Айтбекова фейсбук баракчасына Айсулуу Тыныбекованы тосуп алган иш чара тууралу ачуу чындыкты кыргыздын мырзаларына жем таштап айтып, элдин көңүлүн бурду.

“Бай болгурлар, баса, бүгүн калпак, чапан кийгизип, камчы карматып тоскон жоксуңарбы кызыбызды? Өзүңөр башыңарды башыбызга кийгизип, башкара турчуңарды колубузга карматып, "Бийлик сенде болсун, аялзат",- деп аласыңар. Анан биз башкара баштаганда таң калып, тарс жыгылып, "неудоммносуңар го". Илгери аялдын башына эркектин баш кийимин кийгизмек түгүл, аял эркекке баш кийимин кийгизчү эмес экен. Ырымы болчу дейт. Эр адамдын баш кийимин өйдө коюп, кастарлачу дейт. Азыр итиңе (подиумга чыккан)деле кийгизип аткан соң...
Баягылар баягысын карматып, калпагын көтөрө чыгып кууратпаса экен деп кыжалат болдум өзүмчө", - деп билдирүү калтырды.

  

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-bijlik-sende-bolsun-ayalzat



Добавить комментарий