Назира Айтбекова баласын айтканын жасабаганы үчүн сабаган эргулдун кылыгына пикирин билдирди

17 апрель 2020 13:21 3507 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү телеалып баруучу Назира Айтбекова баласын сабак билбегени үчүн сабады деген атанын кылыгына өзүнүн пикирин билдирди.

Эске салсак, ушул тапта социалдык тармактарда жана мессенджерлерде баласын айтканын жасабаганы үчүн башка-көзгө чапкылап, керек болсо муунтуп жаткан видеосу тарады. Видеодон киши баласын отжимание жаса деп жатканын көрүүгө болот. Анын Россиянын Москва шаарында тартылганы айтылууда.

"Сабаганда эле бала гений болуп кетпейт. Баа маанилүү эмес экенин ата-энелер аңдашыбыз керек. Негизи эле баа коюу системасы жакпайт. Жаман баа алган бала башкалардын арасында чүнчүйт деп эсептейм! Балдардын укугу, каалоосу каралышы, корголушу керек! Баланы туура тарбиялоо - келечекке, мекениңе кошкон эң чоң салымың! Бала эмнеге шыктуу болсо, ошого гана ыктаса жетиштүү. Баа менен жарыштырып, башканын баласы менен атаандаштырып өстүргөн эң чоң ката. Ошону мененн баланын ичине көралбастык, жек көрүү эгип атканыңарды түшүнгүлө! 

Сабаган сайын балада өзүңө болгон, коомго болгон, эң жаманы да өзүнө болгон жек көрүү ойгонуп атат! Келечекте андан зөөкүр, маньяк, оорукчан бирөө чыгат! Балаңды сүй, сыйла, эсептеш, эркиндик бер! Ал да сендей адам. Сенден чыкканы үчүн эле ээлик кылып, каалагандай калчаган жаңылыштык! Тандоо бер жана тандоосун сыйла! Балага татыктуу эмессиңби, даяр эмессиңби кор кылып төрөбө! Баланы сүйүш үчүн жарыкка алып келгиле! Атасын кармап калыш үчүн алып келбелегилечи!!!! Кол майлык кылба баланы! Кор кылба!" - деп жазды Айтбекова.

Коронавирустан улам бир катар мамлекеттерде мектептер, жогорку окуу жайлар жабылып, сабак берүү дистанттык режимде өтүп жатат. Ушундай эреже Кыргызстанда дагы киргизилген.

Буга чейин Кыргызстандын укук коргоо органдары өзгөчө абал жана карантинден улам үйдөгү зордук-зомбулук күч алгынан маалымдаган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-balasyn-sabak-bilbegeni-chn-bashka-kzg-kojgulagan-erguldun-kylygyna-pikirin-bildirdi



Добавить комментарий