Назира Айтбекова: Аял өзүн сүйбөсө гинекологиялык ооруларга чалдыгат

20 июнь 2019 09:20 4205 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алып баруучу Назира Айтбекова кезектеги кызыктуу постун бөлүштү.

“Көрсө, адам канчалык бирөөнү жамандаса, жек көрсө, ушактаса, ошол адамдын жаман кармаларын, күнөөлөрүн, кырсыктарын, кыскасы, ыкый - быйыкынын баарын өзүнө оп тартып алат экен. Адам канчалык бирөөнүн жакшылыгына кубанса, сулуулугуна суктанса, илгери ишине ичи тарыбай, жылып турса, жакшылыгын оп тартат. Жугуштуу болот экен жарык күнү. Бетиңе бырыш түшсө, оюңду тазала. Ушакка жакындардын, арамдык издегендердин бетин бырыш басып кетет экен. Таарыныч, жек көрүү, көк беттик, өз оюн бербегендер жанагы жаман илдетке чалдыгышат дейт. Дегеним, рак, опухаль ж.б.

Аял өзүн сүйбөсө, жерисе, жек көрсө, кабыл албаса, өзүнөн кемчилик издесе, гинекологиялык ооруларга чалдыгат экен. Корккондор, коргоого муктаж болгондор толуп кетишет экен. Өзүндө кемчилиги көптөр ошол кемчиликти өзгөдөн издешет. Башканы айыптап кыйкыргандын баарынын дүйнөсүнүн тереңинде дал ошол көйгөй мн жабыркайт. Өзүнүн кемчилигин бекитиш үчүн өзгөгө шылтап коюу оңой. Жан дүйнөсү тынч, бактылуу адам эч качан башканын кирин чукуу мн алек болбойт. Анын көзүнө баары сонун көрүнүп, элдин баарын сүйүп, жакшылык тилеп калат. Жашоосунда бактысыз, ийгиликсиздер, башканы буттан тартып, кемчилигин издеп, сөгүп - сагып, басынтып турушат экен. Анткени ошентип өзүн көтөрмөлөгүсү келип, көңүлүнүн түпкүрүндө өзүн өзү актагысы келет экен. P.s. Керемет сүрөт эмей эмне?! Күн ысыды. Быйыл кандай фотосессия жасасам? Сууга түшпөй эле коеюмбу?”,-деп жазды Айтбекова.

Анын бул постуна окурмандар ар түрдүү пикирлерин жазып жатышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-ayal-zn-sjbs-ginekologiyalyk-oorularga-chaldygat



Добавить комментарий