Салымбеков саан уй беле? Айтбекова сын айткандарга катуу жооп кайтарды

7 февраль 2020 15:02 1252 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Назира Айтбекова ишкер Аскар Салымбековду сындап чыккандарга Facebook баракчасы аркылуу жооп берди.

Белгилей кетсек, Салымбеков коронавирустан улам Кытайга 50 миң бет кап берүүгө даяр экенин айткан. Анын мындай демилгесин айрымдар колдосо, кээси "Кытайга жардам бергенден көрө өзүбүзгө бербейби" деген мааниде пикирлерин айтышкан болчу.

"Аскар мырзаны көргөндө тирүүлөй акча бара жаткандай акча эле сурашат. Мындайча айтканда "Саан уй"! Бай болуп калганы үчүн всему Кыргызстану должен! Обязан тим эле. Адам аракет кылды. Эмгектенди. Бутуна турду. Силерге ал акылуу эмес бир нерсе жасаганга. Деги эле бирөө бирөөгө милдеттүү эмес. Акчасын каякка кетиргиси келсе, өзү билет. Башка өлкөгө да жардам бергиси келип атса, демек, берет. Силердин чөнтөгүңөрдү аңтарып берип атабы? Силер да эмгектенгиле, акча тапкыла, элиңерге жардам бергиле! Кудай урбадыбы эми ! 50.000 масканын акчасын эсептеп алып эле ичиңер өтүп атат канчадан бери! Ошондой акча таап, элиңерге керектүү оокатты сен алып бер! Ким кой деп атат. Мен байысам, мен да жардам берем. Өкүл атамдай кыргызга эле эмес, карайлап турган башка элге дагы! Аскар мырзанын жардам бергени, көп жакшылыгы чыкпайт экен. Жакшылык бизге жарашпайт го, сыягы", - деп жазды ал.

Акыркы маалыматтар боюнча Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус 638 кишинин өмүрүн алып, 31500гө жакын кишиге жуккан.

Ссылка: https://barometr.kg/nazira-ajtbekova-askar-salymbekovdu-syndagandarga-katuu-zhoop-berdi



Добавить комментарий