Нарындын айылдарын суу менен камсыздоо программасы парламентте колдо тапты

26 май 2020 11:49 693 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) жана 2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну (Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйында мыйзам долбоору боюнча Өкмөткө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев баяндама жасады.

Макулдашууларга ылайык, “Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын” ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы баасы 32,9 млн. АКШ доллары берилет. Анын ичинен:

-           Азия өнүктүрүү банкынын Атайын фондусунун гранты - 13,7 млн АКШ доллар;

-           Азия өнүктүрүү банкынын жеңилдетилген кредити  - 13,7 млн АКШ доллар;

-           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кош каржылоосу - 5,5 млн АКШ доллар.

Азия өнүктүрүү банкынын финансылык насыянын шарттары: насыя 32 жылга, 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 1%, жана кийинки ар бир жылга 1,5% аркылуу сунушталат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 6 жыл.


Ссылка: https://barometr.kg/naryndyn-ajyldaryna-suu-menen-kamsydoo-programmasyn-koldoshtu



Добавить комментарий