Нарындагы төрөтканада иштеген алты медкызматкерден коронавирус табылды
Нарын облусунда 12-майга карата бир суткада жаңы жети учур катталганын, анын алтөө облустук төрөтканада иштеген медкызматкерлерден табылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Үсөнбаев төрөтканада иштегендерден табылган учурларды коопсуздук чаралары жакшы сакталбагандыктан жуккан болушу ыктымалдыгын кошумчалады.
“Жети учурдун алтоосу облустук төрөт үйүндө иштегендердин арасында болуп калды. Бул дагы бейгамсыз мамиле кылгандан болду”, — деди ал.
Эске салсак, 12-майга карата республика боюнча коронавирус жуккандардын саны 1037 кишиге жетти. Ошол эле маалда ооруканадан айыгып чыккандар 709 кишини түздү.
Ссылка: https://barometr.kg/naryndagy-trtkanada-ishtegen-alty-medkyzmatkerden-koronavirus-tabyldy
Добавить комментарий ×