Нарындагы бир күндүк уюштурулган бардык мал базарлар жабылды
Нарын облусу боюнча бир күндүк уюштурулуп келген бардык мал базарлар жабылды. Мындай кадамдар облустук штабдын чечими менен ишке ашып жатат.
Анын арасында Ат-Башыда ар жекшемби сайын уюштурулуп келген мал базар дагы болбой турганын райондун акими Нурбек Сатаров билдирди.
“Ат-Башыдагы мал базар дагы жабылды. Ошол эле учурда азык-түлүк үчүн ишкерлерибиз сатуу иштерин жүргүзбөдү десе “Береке” базарында атайын жай бөлүнөт. Ал жерде тамак-аш сатууга уруксат берилет. Бул чечимди коопсуздук үчүн кабыл алууда. Баарыңыздарды түшүнүү кабыл алууну суранам”, — деди Сатаров.
Эске салсак, коронавирустун алдын алуу жана анын жайылуусуна жол бербөө үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында ири иш-чараларды өткөрүү, киши көп чогулчу жерлерди жабуу сунушталган.
Ссылка: https://barometr.kg/naryndagy-bir-kndk-uyushturulgan-bardyk-mal-bazarlar-zhabyldy
Добавить комментарий ×