Нарында жер титиреди
Бөлүшүү:
Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун билдиргенине ылайык, 2018-жылдын 26-октябрь күнү саат 07:51де Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×