Нарында жаңы төрөгөн сегиз аялга коронавирус жукканы тастыкталды

14 май 2020 15:38 3861 Barometr
Бөлүшүү:
ok

14-майда Нарын облусунда коронавирустун жаңы 15 учуру аныкталган болчу. Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды.

"Алардын ичинен медицина кызматкери -1, жаңы төрөгөн аялдар - 8, туугандары менен байланышта болгондор - 6. Бардыгынын абалы канааттандыраарлык", - деп республикалык штабдан кабарлашты.

Андан сырткары НОБО төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, персоналдар алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.

НОБО төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган.

Эске салсак, бүгүн Нарынга Бишкектен дарыгерлердин тобу жөнөп кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-zhay-trgn-segiz-ayaldan-koronavirus-tabyldy



Добавить комментарий