Ысык-Көлдө облустук төрөт үйүнүн кызматкерлери кайрадан окутулуп жатат
Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө адистердин потенциалын жогорулатуу боюнча окуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу саламттык сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө энелердин, перинаталдык жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча республикалык комиссиянын отурумунун чечимин ишке ашыруу максатында медициналык адистердин потенциалын жогорулатуу боюнча окутуулар жүрүп жатат.
Маалым болгондой, Ысык-Көлдүн төрөт үйүнүн акушер-гинекологдор, реаниматологдор, неонатологдор менен биргеликте жеринде практикалык жардамдар жана окутуулар өткөрүлүүдө.
“Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 6-февралдан 10-февралга чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун «Инфекциялык көзөмөл курсу менен коомдук саламаттыкты сактоо» кафедрасынын колдоосу менен акушер-гинекологдор, реаниматологдор, неонатологдор менен биргеликте жеринде практикалык жардамдар жана окутуулар өткөрүлүүдө.
Кош бойлуу аялдарга, төрөт учурундагы аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга инфекциялык көзөмөлдүн бардык талаптарын сактоо менен сапаттуу, өз убагында жана коопсуз медициналык жардам көрсөтүү үчүн мультидисциплинардык мамилени жана эпидемиологдордун, бактериологдордун жана клиницисттердин өз ара аракеттенүүсүн түзүүгө өзгөчө басым жасалат”, -деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, январь айында Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 6 ымыркай чарчап калган.
Бул окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, республикалык кеңешменин жыйынтыгы боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө алып келген оору жугузуп алуу учурларын өз убагында аныктоо жана анын алдын алуу иштерин жетишсиз деңгээлде уюштургандыгы үчүн административдик жаза чаралары көрүлгөн.
Бир нече кызматкер иштен алынды. Алар:
- Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координаторунун милдетин аткаруучу Кыдырбаев М. Б.
- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Сагынбаев М.О.
- оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Атагелдиева И.К.
- оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Алдашева Р.К.
- оорукананын ресурстук борборунун башчысы Айткулуева А.Т.
- Мамсанэпидем көзөмөлдөө борборунун Ысык-Көл облусу боюнча координациялоо директору Тайлакова Г.
Ошондой эле оорукананын бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланды. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага да сөгүш жарыяланган.
Добавить комментарий ×