Нарында жалпы 10 фильтрациялык посттор иштеп жатат
Нарын облусунун аймагында инфекциялык илдеттин алдын алуу, эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу, жайылтууга бөгөт коюу максатында, коопсуздукту сактоо жана жол-унаа кырсыктарын алдын алуу багытында Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан бир катар иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кочкор районунда «Сары-Чат», Жумгал районунда «Арал» жана Ак-Талаа райондорунда «Ак-Тал-Чат» санитардык карантиндик посттор уюштурулган. Мындан сырткары жалпы облус аймагында 10 фильтрациялык посттордо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер ӨКМ, саламаттыкты сактоо министрлигинин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элдик кошуундар менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштрин жүргүзүүдө.
2020-жылдын 22-мартынан тартып Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жалпы ар кандай жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 121 айдоочуга жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн бузуулар тууралуу протоколдор толтурулду, анын ичинен 12 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып автоунаа башкарып жүргөндүгү үчүн протоколдор түзүлдү. Ар кандай жол эреже талаптарын бузган үчүн атайын токтотулуучу жайга 22 автоунаа токтотулду.
Жумгал районунун “Арал” санитардык карантан посттунан Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнън ЖКК СБнън кызматкерлерине баш ийбей жана зомбулук көрсөткөндүгү үчүн, “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” фактысы менен 2 жаран кармалып, Жумгал РИИБы өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилип, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.
Ошондой эле, Нарын облусунун аймагында жарандардын күнүмдүк керектөөсүн жана саламаттыгын камсыз кылуу максатында, облустун аймагында иш алып барып жаткан посттордо азык-түлүк, курулуш материалдарды жана башка калктын муктаждыгын жараткан негизги товарларды камсыз кылган жүк ташыган автоунааларды кылдат текшерүүгө алып, тоскоолдуксуз өткөрүү боюнча иш колго алынууда.
Ссылка: https://barometr.kg/narynda-zhalpy-10-filtraciyalyk-posttor-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×