Нарында «Тойота Авенсис» менен «Хонда-Степ» кагышып, 3 адам каза болду

23 сентябрь 2020 10:22 585 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 22-сентябрда Нарын районунда саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп (2 аял 1962-жылы туулган, 1982-жылы туулган жана 1 эркек киши 1976-жылы туулган) 5 адам жабыркады (2 эркек, 1 аял, 2 жаш бала 2019-жылы туулган жана 2017-жылы туулган)”, -деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Нарын райондук №16 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгон адамдардын жансыз денелери Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/narynda-tojota-avensis-menen-honda-step-kagyshyp-3-adam-kaza-bolup-5-adam-oor-zharakat-algan



Добавить комментарий